Меню
Разработки
Разработки  /  Классному руководителю  /  Презентации  /  4 класс  /  Кыргыз элинин каада салттары

Кыргыз элинин каада салттары

Этом разработке написано традиции кыргызского народа
22.10.2020

Содержимое разработки

Кыргыз элинин каада-салттары

Кыргыз элинин каада-салттары

кыргыз элинин каада-салттары  

  • Чал жыгар — кудалар кыздын атасынын үйүндө, жатканда абышкалар келип «чал жыгарымды» бер деп сурашат. Аларга күйөө атасы бир ат берет, бербесе өздөрү жыгып алышат.
  • Укурук байтал — түндүк көтөрүү болуп жатканда «укурук байталды бер» деп жылкычылар келгенде, күйоо атасы жактан аларга да бир жылкы берилет.
  • Орок кой — «орок коюбузду бер» деп дыйкандар келишет. Аларга да күйоө атасы тараптан 2—3 кой берилет.
  • Өргөө жабар — кыздын үйүн тигерде «өргөө жабарыбызды бер» — деп зайыптар келишет, аларга мал берилет.
  • Бардык ымыр бүткөндөн кийин түндүк көтөрүлөт, башкача айтканда, кыздын үйү тигилет. Бул учурда кыздын атасы өзүнүн бир жакын адамына эрик бери¬лет, ал киши өзү каалаган бир малды же буюмду са¬лып алат. Баканга кебез байлап түндүккө тиреп коюлат. Түндүк көтөрдү алган киши бир кадырлуу тонду желбоого алып келип илип коёт.
  • Кызды атасынын үйүнө, чыгдандын жогору жагына, жүктүн бурчуна көшөгөгө отургузуп, башына дейилде, кымкаптан жаап, зайыптар үн тартып кошот, ар үн таштаган сайын кыз кыңшып турат. Кошкондо ар түрдүү жактарын, мисалы: куданын жакшы, жаман кылыктарын жана өздөрүнүн кызматтары айтылат жана кызга үгүтнасаат айтылат. Күүгүмдө күйөө менен кызга жана күйөө жолдошко кийим кийгизет да, тигилген үйгө алып кирип, бир малды садага деп союп, башын түндүктөн чыгара ыргытканда, эшиктеги күтүп тургандардан баш колго тийген киши ошо малдын этин бүт алат, жер жемиштер да чачылат.
  • Кыз ойнотуу — кыздын атасы — кыз ойноторду берсин деп кудага айтат. Куда бир ат, же тоо берет. Кыз атасы өзүнүн бир жакын адамынын үйүнө алып барып ойнотот.
  • Токмок салуу — калың чүпүрөктөн бурап, эшип жасалат, ал токмок деп аталат. Оюн баштоочу келин токмокту бир жигитке алып салганча жигит тура калып келин экоо жар көрүшөт, жигит мактоо менен ырдайт. Токмокту келин күйөө жолдошко салып, көрүшүп, ырдагандан кийин күйөө менен кызды тургузуп жар көрүштүрөт. Күйөө үчүн күйөө жолдош ырдайт. Күйөө тарабынан бир жигит, кыз тарабынан бир келин оюнду башкарып, токмок салдырып ырдатып, жар көрүштүрүп кыз оюнду башкарат. Токмокту уурдаткан жигит ырдоого милдеттүү болот. Оюн арасында кыздар жигиттерди токмок менен урат. Оюн таң атканча болот. Оюн бүткөндө кыз ойноткон үйдүн ээси кыз менен күйөөгө жана анын жолдошуна тон кийгизет.
  • Кыздын себин жыюу, жаюу — кыздын атасы кызына бере турган жасалагаларын, мисалы: жууркан, килем, идишаяктар ж. б. үйдүн тышына жыят, кийитке берген чапандарды арканга керип илет, калк көрөт.
  • Жүк көрүү — кыз атасы жүктү, үптү санап көрсүн дейт. Күйөө жактан бир киши төө же ат жетелеп ке¬лип байлап жүктү санап корот да бир кадырлуу буюм¬ду алып кетет.
  • Чара көтөрүү — куда бир малды союп бышырып чарага салып, бир атты жетелеп кыз атасына алып келет. «Каптын түбү, карындын кагынчыгы барбы?» деп сурайт. Кыз атасы даярдап койгон тогуздаган чапанды кийгизет.
 Толгоо табак — кызды эртең аткара турган күнү кыздын атаэнеси: «толгоо табагыбызды берсин» деп отуруп алат. Куда бир малды союп бышырып, бир атты коштоп барат. Кыз атасы да чапан кийгизип батасын берет.  Тойдо табак тартуу тартиби — түндүк көтөрүлгөндө тойго малдар союлуп, эти элге тартылат. Учаны элдин аксакалына тартат.  Кыз, күйөө жаткызуу — эртең аттанат деген түнү күйөө менен кызды жаткырат. Коп жууркан тошоктөрдү төшөп жакшылап тошок салат. Чыныгы күйөө менен кыздын кошулуусу мына ошондо болот. Жаткырар алдында күйөөдөн кыздын бир жеңеси «жеңге салар» деп алат. Күйөө жагынан жана кыз жагынан да бир топ зайыптар көшөгөнүн башынан «болбол!» — дешип, күйөөнү шаштырып турушат. Ошо замат эле чырак жарык болуп көрүлөт. Иш ак болсо кайын энелерге сүйүнчү барылат. Иш ордунда болбосо, күйөө кетем деп айта баштайт, арага кишилер түшүп, тартуу тартылып жарашат. Балким кийин жаман көрүү да ошондон болот.
  • Толгоо табак — кызды эртең аткара турган күнү кыздын атаэнеси: «толгоо табагыбызды берсин» деп отуруп алат. Куда бир малды союп бышырып, бир атты коштоп барат. Кыз атасы да чапан кийгизип батасын берет.
  • Тойдо табак тартуу тартиби — түндүк көтөрүлгөндө тойго малдар союлуп, эти элге тартылат. Учаны элдин аксакалына тартат.
  • Кыз, күйөө жаткызуу — эртең аттанат деген түнү күйөө менен кызды жаткырат. Коп жууркан тошоктөрдү төшөп жакшылап тошок салат. Чыныгы күйөө менен кыздын кошулуусу мына ошондо болот. Жаткырар алдында күйөөдөн кыздын бир жеңеси «жеңге салар» деп алат. Күйөө жагынан жана кыз жагынан да бир топ зайыптар көшөгөнүн башынан «болбол!» — дешип, күйөөнү шаштырып турушат. Ошо замат эле чырак жарык болуп көрүлөт. Иш ак болсо кайын энелерге сүйүнчү барылат. Иш ордунда болбосо, күйөө кетем деп айта баштайт, арага кишилер түшүп, тартуу тартылып жарашат. Балким кийин жаман көрүү да ошондон болот.
Эртеси кызды аткарат. Кыз атасынан каалаган атты минип кетет. Кызды үйдөн аткарып жөнөтүп бир аз жерге барганда, кызды аттан түшүрүп, бетин жуудуруп кайта аткарылып жөнөтүлөт. Кыздын башына шөкүлө салат. Жасалгаларды төөлөргө жүктөп, каркыраларды сайып, тоо жасалгаларын да окшотуп жасап, килем жабылат.  Төшөк талашуу — жерди терең казып, торт арканды катар эшип чубалтып таштап коет. Бүтүн эркек бир тарап, жалаң зайыптар бир тарап болот. Эркектер ат менен келип арканды бошотуп жулуп кетүүгө аракет кылат. Зайыптар суунун боюнда туруп, күл, улпактар менен эркектерге карай чачып, колдоруна тийгендерди сууга салып жыгат, зайыптарды эркектер да сууга салуулар болот. Аркан кээде жери менен омкорулуп кеткен учуру да болот. Эркектер жулуп кет’ се кыз атасы бир нече чапан журтка берет. Зайыптар жулдурбай токтотуп калса, күйөө атасы зайыптарга бир тогуз мал берет.
  • Эртеси кызды аткарат. Кыз атасынан каалаган атты минип кетет. Кызды үйдөн аткарып жөнөтүп бир аз жерге барганда, кызды аттан түшүрүп, бетин жуудуруп кайта аткарылып жөнөтүлөт. Кыздын башына шөкүлө салат. Жасалгаларды төөлөргө жүктөп, каркыраларды сайып, тоо жасалгаларын да окшотуп жасап, килем жабылат.
  • Төшөк талашуу — жерди терең казып, торт арканды катар эшип чубалтып таштап коет. Бүтүн эркек бир тарап, жалаң зайыптар бир тарап болот. Эркектер ат менен келип арканды бошотуп жулуп кетүүгө аракет кылат. Зайыптар суунун боюнда туруп, күл, улпактар менен эркектерге карай чачып, колдоруна тийгендерди сууга салып жыгат, зайыптарды эркектер да сууга салуулар болот. Аркан кээде жери менен омкорулуп кеткен учуру да болот. Эркектер жулуп кет’ се кыз атасы бир нече чапан журтка берет. Зайыптар жулдурбай токтотуп калса, күйөө атасы зайыптарга бир тогуз мал берет.
  • Күйөө качуу — күйөө кайын ата, кайын энесине көрүнбөй качат. Башкалардан качпайт.
  • Келин качуу жана тергөө тартиби — келин кайын ата, кайын агалардан качат, тергеп атынан бир да айтпайт. Алардын караандарын корбойт. Аларга алда кайдан жүгүнгөндө алар алкайт. Келин кайын жеңе, кай¬ын эже, кайын сиңди, кайын инилерди аттарынан бир да айтпай тергейт. Мисалы: Чоң акем, Мерген акем, Уста акем, Ортончу акем, Кичи акем, Аалынын атасы, Зайнаптын энеси, Чоң уул, Ортончу уул, Кичи уул, Ортончу бала, Кичине бала ж.б. Отунду деген кайын агасы болсо аны Термечик, кара болсо — ымырт, ж. б.лар менен тергеген.
  • Келин көрүү — Куда, достор мал союп келин көрүүгө келишет, аларга келиндин буюмунан берилет.
  • Өкүл ата — келинди кайын атасынын үйүнө отко киргизип жатканда, күйөөгө да, кызга да өкүл ата дайын кылынат.
  • Күйөөгө кыз атасы жагынан өкүл ата дайындалат. Күйөө мал берет, өкүл атасы тон кийгизет. Келинге уул атасы жагынан өкүл ата дайындалат, өкүл атага септен берилет, өкүл ата мал энчилеп берет. Кеяин өкүл атасына төркүлөп да барып мал алат.
  • Келиндин тартиби — жаңы келген келин эң уяттуу болот. Кайын ата, кайын эне жана сакалдуу киши, сакалдуу зайыптарга бутун сунбайт, аркасын салбайт, шак этип сүйлөбөйт, сылык жүрүштөр менен жүрөт,кайын агалары үйгө келгенде көшөгөнүн ичинде туруп да жүгүнөт.
  • Тергөөлөр — кыргыз аялдары кайын ата, кайын эне жактын туугандарын жана балдарын, кыздарын тергешет.
Кайын атасын — ата, кайын энесин — эне, кайын агалары бир канча болсо, аларды ар башка: чоң, ортончу, кичүү акем же Аалынын атасы, Зууранын ата¬сы деп, кайын агаларынын аялдарын да чоң, ортончу, кичүү жеңем, же Жанектин энеси, Ажардын энеси деп тергелет.  Кайын аганын эркек, кыз балдары тергелбейт.  Акелерин: бий аке, уста болсо — уста аке, чебер аке, мергенчи болсо — мерген аке, молдо болсо — молдо аке деп тергеген.  Кайын инилерди: чоң уул, ортончу уул, кичине бала деп тергелет да, алардын аялдары тергелбейт. Кайын атасынын бир туугандары жана жакын туугандары бардыгы аялдары, балдарына чейин тергелип, кайын ага, кайын жеңелердин бардыгына жүгүнөт жана качат. Алар алкыш айтат: бай болгула, эркек балалуу болгула, теңир жалгасын ж. б. деп алкайт.
  • Кайын атасын — ата, кайын энесин — эне, кайын агалары бир канча болсо, аларды ар башка: чоң, ортончу, кичүү акем же Аалынын атасы, Зууранын ата¬сы деп, кайын агаларынын аялдарын да чоң, ортончу, кичүү жеңем, же Жанектин энеси, Ажардын энеси деп тергелет.
  • Кайын аганын эркек, кыз балдары тергелбейт.
  • Акелерин: бий аке, уста болсо — уста аке, чебер аке, мергенчи болсо — мерген аке, молдо болсо — молдо аке деп тергеген.
  • Кайын инилерди: чоң уул, ортончу уул, кичине бала деп тергелет да, алардын аялдары тергелбейт. Кайын атасынын бир туугандары жана жакын туугандары бардыгы аялдары, балдарына чейин тергелип, кайын ага, кайын жеңелердин бардыгына жүгүнөт жана качат. Алар алкыш айтат: бай болгула, эркек балалуу болгула, теңир жалгасын ж. б. деп алкайт.
Кайын эненин эркек бир туугандарын — чоң, ^ ортончу, кичи таякем, аялдарын таа жеңем, кызда¬рын тай эжем деп тергеп, таякелерден да качып, жүгүнөт.  Тергей тургандар аты Бокбай болсо бок деген сөздү тезек деп, кара болсо — ымырт деп, Термечик болсо — майда отун деп, Балта болсо — чоң керки деп, Сүтүкө болсо — саамал деп, Жылкыбай болсо — улуу баатыр деп тергеген. Ошондой заттарды да оз атынан айтпастан тергеген. Келин эч убакта тергөөчүлөрдүн үйлөрүнө жүгүнбөй кирбеген жана үйлөрүнүн төрүнө өтпөгөн.
  • Кайын эненин эркек бир туугандарын — чоң, ^ ортончу, кичи таякем, аялдарын таа жеңем, кызда¬рын тай эжем деп тергеп, таякелерден да качып, жүгүнөт.
  • Тергей тургандар аты Бокбай болсо бок деген сөздү тезек деп, кара болсо — ымырт деп, Термечик болсо — майда отун деп, Балта болсо — чоң керки деп, Сүтүкө болсо — саамал деп, Жылкыбай болсо — улуу баатыр деп тергеген. Ошондой заттарды да оз атынан айтпастан тергеген. Келин эч убакта тергөөчүлөрдүн үйлөрүнө жүгүнбөй кирбеген жана үйлөрүнүн төрүнө өтпөгөн.
  • Тергөөлөр эркектерде бир да болбогон. Күйөөлөр кайын атанын төрүнө чыгып отурбайт. Келиндер эч убакта тергөөчү ата, кайын ага, таякелерге бутун жылаңайлак жана жылаң баш, тамактарын көргөзбөгөн. Кайын ата менен кайын агалар эч бир убакта жаман сөз айтып ачууланбайт. Алар келинди силер ушундай болсоңор экен дегендей үлгү көрсөтүү менен сылык мамиле кылышат.
  • Төркүлөө — кыз келин болуп күйөөсүнө келгенден кийин эки жыл өтмөйүнчө атасыныкына барбайт. Эки жылдан кийин төркүлөп барат. Кыз төркүлөп барганда ата, эне, туугандарына кийимдер, мал союп, тамактар алып, бир ат жетелеп барат. Төркүн да кыз¬ды бүт кийгизип, кайын ата, кайын эне, балдарга че¬йин кийимдер даярдап кыздын энчисине малдар бе¬рип, каалаган ат, төөлөрүн берип жана мал союп коп тамактар бышырып куржунга толтуруп ат, тоого жүктөп берет. Муну келиндин кешиги деп талап желет. Кыз мындан кийин атасыныкына ар дайым бара берет, бирок эркек балдардай энчи кыздарга берилбейт.
  • Ажырашуу — кыргызда күйөөгө берген кызын эң катуу себепсиз чыгарып алуу деген иштер бир да болбогон. Себепсиз кызын бузуп чыгарып алса, анда «бата бузду, бул батага учурайт» деп эл чур деген. Узак өтпөстөн бата бузган киши чоң зыянга учурап бир башы жок болгон. Бата бузуп, баш ачуудан эң катуу корккон. Аялдын күйөөсү өлүп калып, туугандарынан башка алары болбосо гана аялдын башы ачылган.
АКСАКАЛДАРДЫ УЛУКТОО   Кыргызда аксакалдарды сыйлоо, аларды улук тутуу адаты эң эле кучтуу орун алган. Аксакалдар отурган уйгө жаштар уруксатсыз бир да кире алышпаган. Аксакалдын алдында бир ооз созду да бийлик кылып айта алышкан эмес. Карынын каргышы тийсе шексиз олот деген ишенич болгон. Карыдан бата алса омуру узарып, багы ачылат деген ишенимди бек туткан.«Жамгыр менен жер когорот, бата менен эл көбөйөт» деген макал сөздөр байыртан калган создор болгон. Карылардан бата алуу адаты эң кучтуу орун алган. «Сен сыйласаң карыңды, кудай сыйлайт баарыңды» деген макал сөздөр бар. «Карысы бар жерде — касиет бар» деген да сөздөр бар. Кыргызда чечилбей турган чоң кенешти карылар чечип, карыларга ар дайым кайрылып чечтирип келген. Ашка тойго кылып түшүрүлгөн. Мисалы, бир чоң уруунун ичинде бир канча майда уруулар болуп, алардын эң аксакалы, тойго мурун түшүрүлгөн. Жоого да ошону мурун салышкан.

АКСАКАЛДАРДЫ УЛУКТОО 

Кыргызда аксакалдарды сыйлоо, аларды улук тутуу адаты эң эле кучтуу орун алган. Аксакалдар отурган уйгө жаштар уруксатсыз бир да кире алышпаган. Аксакалдын алдында бир ооз созду да бийлик кылып айта алышкан эмес. Карынын каргышы тийсе шексиз олот деген ишенич болгон. Карыдан бата алса омуру узарып, багы ачылат деген ишенимди бек туткан.«Жамгыр менен жер когорот, бата менен эл көбөйөт» деген макал сөздөр байыртан калган создор болгон. Карылардан бата алуу адаты эң кучтуу орун алган. «Сен сыйласаң карыңды, кудай сыйлайт баарыңды» деген макал сөздөр бар. «Карысы бар жерде — касиет бар» деген да сөздөр бар. Кыргызда чечилбей турган чоң кенешти карылар чечип, карыларга ар дайым кайрылып чечтирип келген. Ашка тойго кылып түшүрүлгөн. Мисалы, бир чоң уруунун ичинде бир канча майда уруулар болуп, алардын эң аксакалы, тойго мурун түшүрүлгөн. Жоого да ошону мурун салышкан.

ТУШОО ТОЙ  Тушоо кесүү ырымы  Эмчегин берген энебиз, Өсүп келет денебиз. Бут калчылдап баса албай, Каз-каз деген эмнебиз? Басууга бала талпынып, Күндөн күнгө артылып. Бутун шилтеп басууга, Энесине асылып. Кагылайын каз ту рун, Дени соо бат туруң. Шилтеди бутун эки-үч, Басканда кирет бутка күч. Балага боору эзилет, Тушоо тою берилет.  Ала жип бутка байланды, Ат, кунан алые айдалды. Биринчи маара жакындап, Экинчиси такымдап. Тең келатат баарысы, Бут куйрукка шакылдап. Биринчини карасаң, Таманы куйрукка тиет жаркылдап.  Тушоо кесер шамшаарды, Камдап турган атасы. Тушоосун кести баланын, Арты жетип бүтө элек,  Арыштап келет жөтөлөт. Аталары жүгүрүп, Балдарын сүрөп көтөрөт, Байгелерин алышты, Жай-жайына тарашты. Тушоо кесер той болду, Оз алдынча зор болду, Маалында басып кете албай, Кээ бир бала кор болду. Дени таза соо бала, Маалына жетпей жүгүрөт, Энеси менен атасы, Кубанышат сүйүнөт. Кестирүүгө тушоосун, Жетине албай күтүнөт. Шар жүгүрүп бал асы, Шаттанат анын атасы. Маңдайында баласы, Маана кылат апасы.

ТУШОО ТОЙ

Тушоо кесүү ырымы

Эмчегин берген энебиз, Өсүп келет денебиз. Бут калчылдап баса албай, Каз-каз деген эмнебиз? Басууга бала талпынып, Күндөн күнгө артылып. Бутун шилтеп басууга, Энесине асылып. Кагылайын каз ту рун, Дени соо бат туруң. Шилтеди бутун эки-үч, Басканда кирет бутка күч. Балага боору эзилет, Тушоо тою берилет.

Ала жип бутка байланды, Ат, кунан алые айдалды. Биринчи маара жакындап, Экинчиси такымдап. Тең келатат баарысы, Бут куйрукка шакылдап. Биринчини карасаң, Таманы куйрукка тиет жаркылдап.

Тушоо кесер шамшаарды, Камдап турган атасы. Тушоосун кести баланын, Арты жетип бүтө элек,

Арыштап келет жөтөлөт. Аталары жүгүрүп, Балдарын сүрөп көтөрөт, Байгелерин алышты, Жай-жайына тарашты. Тушоо кесер той болду, Оз алдынча зор болду, Маалында басып кете албай, Кээ бир бала кор болду. Дени таза соо бала, Маалына жетпей жүгүрөт, Энеси менен атасы, Кубанышат сүйүнөт. Кестирүүгө тушоосун, Жетине албай күтүнөт. Шар жүгүрүп бал асы, Шаттанат анын атасы. Маңдайында баласы, Маана кылат апасы.

Ат оюндар

Кыргыздардын жылкыга жасаган өзгөчө мамилеси, ат оюндарына кызыгуусу байыркы замандардан эле болгондугу маалым. Илгертеден эле кыргыздардын бир да майрамы көкбөрүсүз өткөн эмес. Мейли ал чоң той болсун, бешик той болсун же согуштагы жеңиш болсун, жадакалса тарыхта жөн гана доор алмашканда да улак тартылгандыгы маалым. Айтор, көкбөрүнүн тарыхы кыргыз элинин тарыхы менен тыгыз байланыштуу. Элибиз көз карандысыздыкка карай улуу жолдо улуттук маданиятын жоготпой сактап келгендей эле көкбөрүнү да унутушкан эмес. Албетте, көкбөрүгө тыюу салынып, анын жок болуп кетүү коркунучу алдында калган күндөр да болгон. Ал мезгил улуттук өз алдынчалык колдоого алынбаган совет мезгилине дал келген. Бирок кылымдарды карыткан оюн бардык сыноолордон татыктуу өтүп, ушул күндөргө чейин сакталып калды. Эми бүгүнкү күндө кыргыздын азаматтары той-топурлардан тышкары Көз карандысыздык майрам күнү да ат жалында өз өнөрлөрүн тартуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Айта кетчү нерсе, көкбөрүнү олимпиадалык спорт түрлөрүнүн катарына кошуу аракеттери жасалып жаткандыгы тууралуу маалыматтар бар. Азырынча бул демилге кыял болуп турат.

Улак тартыштын көкбөрү деп аталышы элибиздин башынан өткөргөн кадимки эле жашоо-тиричилигинен алынган. Учурунда жалпы элдин малы ачык асман алдында эч кандай короосуз багылып келгендиги белгилүү. Андыктан мындай абалда көчмөндөрдүн башкы душмандары бөрүлөр болушкан. Ач жапайы жырткычтар малга кол салып, элге көптөгөн зыян алып келишкен. Мына ошондо малчылык менен жашоо кечирген көчмөндөр атчан болушуп, бөрүлөрдү чогулуп алышып кубалашкан. Ал мезгилде эч кандай ок атуучу курал жок болгондуктан, камчыны пайдаланышчу. Ал эми улак тартыш душманга каршы күрөшүүгө карата даярдык болгон.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда көкбөрү боюнча 80ден ашуун команда бар. Тилекке каршы, алардын 10го жакыны гана эл аралык мелдештерге катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Буга себеп – каражаттын жетишсиздиги. Анткени аргымактарды багуу, таптоо жана аларды мелдештерге жеткирүү үчүн көп каражат сарпталары анык. Айтор, көкбөрү каражатты көп талап кыла турган спорт түрү болуп саналат. Орто эсеп менен бир мелдешти өткөрүү үчүн бир нече миллион сом керектелет. Андыктан кыргыз спортунун визиттик карточкасынын өнүгүшү колдоодон көз каранды.

-75%
Курсы повышения квалификации

Современные педагогические технологии в образовательном процессе

Продолжительность 72 часа
Документ: Удостоверение о повышении квалификации
4000 руб.
1000 руб.
Подробнее
Скачать разработку
Сохранить у себя:
Кыргыз элинин каада салттары (1.98 MB)

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт